#1-4 (55 сөз сынагы)

 

Сынакты “Адабий Ордо” сайты “Кыргыз маданият борбору” жана “КЫСКА-НУСКА” телеграм каналы менен биргеликте уюштурууда. Сынактын шарты бул жерде

#1 Баккан мал боор эт менен тең

Бир жазда Малик айылдын малын багууга алган. Бир күнү Самтай келип, сойгонго өз козусун албай чоңураак козу сурады, Малик ага Медердин козусун карматты. Эртеси Медер да өзүнүкүн албай, чоңураак козу сураганда Малик ага Сатайдын козусун кармап берди. Өз козулары аман калганына сүйүнгөн экөө да ыраазы. Биринин малын бирине берип, экөөнүн сыйын көргөн Малик да ыраазы.

 

#2 Акча эмнени кылбайт

Айылда Чурбайдын баласы айылдагы эки баласы менен келинчегин таштап, өзүнүн энеси менен жашташ орус аял алыптыр деген сөз тарады.

– О, кокуй, энесиндей болгон немени кантип алыптыр? – дейт бир жеңеси.

– Сүйүүнү көзү сокур деген ушул да, – дейт экинчиси.

Анда Төкө:

– Сокур болсо деле сыйпалап көрбөйбү, улуу экени аз келгенсип, чөмөлөдөй очойгон немени, – дегенде эл дуу күлдү.

 

#3 Ээсине караганда ити…

Заманга жараша, илеркидей итине тамак берип байлап баккандар аз айылда. Самсаалаган иттер кайдан эмнени жула качсам деп жүргөнүн көрөсүң. Бир күнү кошунасы той берип мал союлуп жаткан. Кандын жытына баягы иттер бир заматта чогулуп талаша башташты. Арасында Макиштин ити да жүрөт.

Анда Төкө:

– Макиштин ушул ити Макишке караганда жамандык, жакшылыктан калбайт, – деп турган элди күлдүрдү.

 

#4 Ээн калган аялдама

Ушул караандуу калаанын аялдамасы кантип эле бош калсын?

Бир эмес эки автобустун акыркы аялдамасы ал.

Күнүгө жүздөгөн адамдар бул каттам менен тынбай, эртели-кеч жол тиричилигинде. Ал тургай өзүм дагы ушул каттамдуу жолдомун.

Чындыгында, аялдама ээн эмес.

Менин жан дүйнөмдүн ээн, ээсиз калганына беш жүз беш күн болуптур.

Бул тагдырдын буйругу. Мени эч ким күтпөйт эми.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.