#33-36 (55 сөз сынагы)
#33 Белек
– Эжеке, эртең сиздин туулган күнүңүз эмеспи. Мен сизге белек алып берейин дегем. Бирок эртең сиз мени менен дүкөнгө сөзсүз барышыңыз керек, – деди алты жашар Айназ эжесинин колун кучактап.
Эртеси дүкөндө Айназ эжесинин жанында башын жерге салып кайгылуу турду.
– Биз менен суу жээктеп бассынчы деп сизге бут алып берейин дегем, – деди Айназик эжесинин коляскасынын дөңгөлөгүн кармалап.
#34 Тилек
Караңгы үйдө жалгыз жаткан абышка эки жагын каранып “суу, суу бергилечи” деди. Жымжырт. Үйдө эч ким жок эле. Жанындагы жубайынын сүрөтүнөн көзүн алган жок.
“Сагындым сени”, – кобуранды.
Бүгүн негедир тура албай кыйналып калыптыр. Кайрадан көзүн жумуп уйкуга баш койду.
Аппак көйнөк кийген жубайынын колун бекем кармап, кооз бакчаны аралай кетип баратты.
Көптөн күткөн тилегине жетти.
#35 Таш кызыгы
Чоң атам кечинде очок жанындагы ысыган ташты алып, мен жатчу төшөнчүнүн ылдыйкы астына коюп койду.
– Эмнеге? – деп сурадым чоң атаман.
– Эртең менен бутуң тоңбосун, – деп койду.
Жылдар өтүп, чоң атам кетти. Кыштын бир таңында босогодогу ошол ташты кучактап отуруп, анын жылуулугу ташта эмес экенин түшүндүм.
Айрым адамдар кетет. Бирок берген жылуулугу таш кызыгындай узак сакталат.
#36 Эски очоктун күлү
Үй бош калгандан кийин очок да өчтү. Жылдар өтүп, уулу менен келини үйдү оңдоп чыгууну туура көрүштү.
Бирок карыя күлдү тазалаткан жок.
– Эмнеге? – деп сурады небереси.
Карыя унчукпай күлдүн арасын козгоп койду.
– Бул жерде чоң энеңдин колу менен жагылган акыркы от бар… от берекелүү эле.
Кээ бир от өчөт, бирок жылуулугу адамдын көңүлүндө калат тубайбы.


