Афина Бакированын жаңы ырлары

 

“Ханзаада” түрмөгү 

* * *

“Бала-чакаң, күйөөң барбы эси жок?..”, –
деп алыстан туталанба, өмүрлөш.
Аркамдагы темир тулга, темир соот,
Ак кылыччан сага такыр көрүнбөс!..

Айдап чыкты ире-шире маалында,
сыр билги үй, казан-оттон, тирдиктен.
А сен мага калаа жактан чаңырба!
Келдим мына, Теңир көздүү түндүктүн

астындагы тоо дайранын жээгине,
суунун үнү эркиндикти  эстетти.
Элик сүтүн берип мени телиген
шаар менин отуз жылым жеп кетти.

Жети ааламдай жети күн да, жети түн –
каксыз кылып айыктырбайт дартымды.
Кырк күн керек, көздөн, сөздөн көзүктүм,
унут менин үйдөн кетпес салтымды.

Жолборстордун изи түшкөн жол менен
жол арбытып чаалыккыча баспасам!
Жолборс жыты уруп турган жел менен,
баарын таштап аркырап бир акпасам!

Көрө алабы өз башынын кадырын,
илбирстердин кызыл чоктой күйгөн көз?
Жапан күчтөр тагдырлашым, тагдырым,
менин көзүм – мунун баарын сүйгөн көз!

Эже-сиңди болуп турдук беттешип,
күү-шаа түшөт, албуут дайра-каныша.
Жашаймын деп бул жашоого шерт ичип,
мезгил менен калкандарын кагышат.

…Аркамдагы темир тулга, темир соот,
Ак кылыччан сага такыр көрүнбөс!
Алтымыш күн болсом мында көөнүм ток,
өз мейкиним бар экенин өмүрлөш…
унутпасаң?!

 

* * *

Моюнума бото салып, мен сени
Теңиримден тилеп алдым дейсиңби?
Билсең билип, туйсаң туйчу кантейин!
Аял аттуу баш тарткан бул энчимди!

…Жүз жаштагы улуу-сулуу дарактай,
эр кишилер мени дагы сүйдү эле.
Улук башын салбыратып карыптай,
тагдырына мындай үлүш тийди эле…

Атам менен тең адамдын арзуусу
зоболосу көтөрүлбөй тунжурар.
Менин аппак асманымда
жай-кышы,
бак талашчу сендей жапжаш тунжурлар.

Аял башым менен сага күйгөндө,
жек көрдүңбү, сен да мени, Көк бөрү?..
Сүйүүгө зар адамдарды
дүйнөдө
сүйүү менен сынап турат, Көк Теңир.

Канча көйнөк кеч жырттым мен энеңден?
жолборс чалган жандай болуп алдастайм.
Касиеттүү кайберендей элем мен,
мындай сезим менен кайда жан сактайм…

Умай эне өзү гана сылаган,
эти-бети ачыла элек чырагым.
Кетер жолум, барбас төрүм, улагам,
ай далыңды жашый тиктеп турамын.

Кара түндөй карегиңди жалт карап,
кара жибек кирпигиңден эсим оойт.
Мени жалгыз Кудай гана актамак,
жалгыз сенден уяламын, бетим – от…

 

* * *

Мени шектүү карап калдың тунжурап…
(Бул жашоону күндө жаңы баштайсың…)
Меникинен көзүң мөлтүр, курчураак!
Абалымды билдиң окшойт жаш барчын!

Тагдырбы бул? Мен күтпөгөн, ал тургай,
түшкө кирбес окуялар көп болот!
Сүйөт сени аруу кыздар, аккуулар
же айымдар… Окуп койгон көп жомок!

Кагылайын, Ай ойногон суудагы
кара кундуз түспөлдөнөт карегиң.
Кумурадан куюп алдым уу жаңы,
боюн бороон чайпай элек терегим!..

Мөл тамчылар өмүрүмдөн сарыккан,
тагдырымды, ырларымды сугарды.
Кудайдан мен сендей Тунук, Жарыктан
кемчилигим жашыргын деп сурандым.

Сен түшкөн жол пайгамбардын күбөсү,
таш-кумунда катып калган кандар бар.
Көздүн жашы менен канды сүрөсүң,
узак жана мерез болот жол-канжар.

Жол-канжарга түшкөн элем мен сендей
көктөй кезде, акылым жок, эсим бар.
Такаат бербей кызыл жошо кечкенде,
асылдыгын өрттөп алган асылдар.

…Бийиктеген сайын Күнгө какталган,
күтөт бизди дабан башы, жол учу.
Денем балким таза экенин ак кардан,
айтып бермек булганбаган кол учу.

Аалам бийик, андан бийик
жол чыгат,
басып өтсөм арып-азып бирөөнү.
Кайрылышка жандыргын да бир чырак,
көрүнөө кой, сени сүйгөн күнөөмү.

Тагдырбы бул?.. Сен күтпөгөн, ал тургай
түшкө кирбес окуялар көп болот!
Сүйөт сени айчүрөктөр, аккуулар,
же айымдар… Окуй элек көп жомок!..

 

* * *

Бак-дарагы кырк уук болуп чүмкөгөн,
түнт кыштакка келген элем арга издеп.
Кадап алып көздөрүмдү күлбөгөн,
көңүлүмдү сүйрөп алып жан сенек.

Бир жакшылык белги болуп асмандан,
коргошундай оор жамгыр жаап жатты.
Аппак дайра – тулпар минген Ак каган,
чаап баратып ар бир күнгө жаа тартты.

Мен уктадым. Ак кагандын жебеси
тешип кеткен күндөр түнгө айланды.
Ыйык экен көзү, колу, денеси,
Ханзаадага мейман болуп байландым.

Таң атканда өзү келип ойготот,
коштоп барат бал коюлган тасмалга.
Көздөрүнөн Ай тийет да Ай батат,
ага тектеш периштелер асманда…

Ханзааданы мунарадан чыгарбайт
угузушпайт жаш сөйкөнүн шыңгырын.
Демек, улан сүйүлбөйт да сүйө албайт,
жашайбы не дагы ушинтип бир кылым?

Жай олтуруп сырдашабыз экөөбүз,
даам сызабыз, илбээсинден жасалган .
Каалгамды күндө үч маал черткилеп,
Күндөй тийет жапжаш жигит жахандан.

Жер жүзүндө мындай таттуу маекти,
жер астында жылан кошо уга алат.
Макулуктар бактылуу да адептүү
уурданып тыңшагандан уялмак…

Ишендирди ышкырыгы жыландын,
келечекти жалган айткан палчы эле.
“Ишенбе!” – деп ханзаададан сурандым,
балким жылан мени ушактап барчу эле…

Тоо башына кайдан келди бул душман?
Кантип даады алтынданган сарайга?
Таягым бар, мейли, жанчып ыргытпайм,
Ажал болгон жарашмакпы аялга?..

…О, Кудурет! Өзүң бердиң уруксат!
Учту жигит, бир кеткендер келчү эмес!
…Жаралаган ханзааданын жүрөгүн
аялдарды ыйык дешип көмчү эмес…

Ханзааданы сүйгөн көздү көмчү эмес!..

 

* * *

Ак асаба, көк асаба булуттар
коштойт сени, жашоо мага гүл төшөйт.
Бул жашоодо Кудай деген Улук бар,
Кудуретин сүйүү аркылуу көрсөтөт.

Жакшы баргын, кагылайын Күн канат,
сүйүү менен жаштык бизди карытат.
Бул жашоодо сүйбөгөндөр кур калат,
Кудай өзүн сүйүү аркылуу таанытат.

Жолдор сени санаа менен терметпейт,
Боз тынарым, кайгы-муңдан аруусуң.
Жүрөгүңө бир мен эмес, жел жетпейт,
үкүлүү кыз төп келгени дагы чын.

Жолдо сенин алкымыңды муунтпайт –
сен жөнүндө чын-жалганды төккөндөр.
Көөдөнүңдү жара сайып чыгышпайт
шамшар болуп, баштан өткөн-кеткендер.

Жолдо сенин өзөгүңдү өрттөбөйт,
кусалыгың, ызалыгың, жек көрүүң.
Кейибегин, сынсаң эч ким келбесе,
күчтүүлөргө кол сунгандар чектелүү…

Ак пейилдүүм, сен таарынсаң чөк түшүп,
табынасың, Жараткандын күчүнө.
Тар пейилдин көздөрүнө чок түшүп,
таарынганда каргыш кирет түшүнө.

Кадыр Затка жаш сөөлөтүң ийилет,
адамдан кач, Кудайсыз да арбаксыз.
Кызыл мончок гүл кезимде сүйүүгө,
мен – Кудайды алмаштырган жел баш кыз.

Сыр найзанын сыныгындай, көптөрдүн
жүрөгүндө калганым ак болучу.
Бутасы элем өчтүү менен кектүүнүн,
Теңириме жетип турчу кол учу…

Мени сүйгөн жанга кээде тебенээк
болдум, ырас, ооз ачырбай кетирдим.
Сенде – жаштык, менде – сүйүү керемет,
эс-учуман танганымды кечиргин.

Оттой-суудай тунук жаның делбиреп,
жакшылыктын отун далай тамызат.
Кагылайын, өзүң сүйгөн жар эчен…
сени кандай сүйгөндүгүм таанытат.

Кимди сүйсөң – ошол мени таанытат…

 

* * *

Кагылайын, өмүр деген улуу экен,
жаш кайрыгың алып-учту, жандырды.
Адамзатка сүйүү дайым бир мекен –
кайрымы жок болсо дагы кайрымдуу.

…Көк бөрүнүн жара тарткан мизиндей,
курч көздөрүң кызганычтан өрттөнөт.
Сыйкырчынын мен карыбас кызындай,
жаным, сага ууздай аруу төп келет.

Сен кыйналба, өтпөйт-кетпейт эч нерсе,
“Өттү-кетти!” – деп адамдар сооронот.
Мен унутпайм, калды менде көп көксөө,
унутулган – унутканга жоо болот.

Сен кызганба, жигит пири экениң,
көрөгөч жан – менден бөлөк ким айтат?
Экөөбүздүн талып турган кечээги
көз карашты сүйүшкөндөр улантат.

Биз эңсеген шоола болуп жанышат,
биз үлгүрбөй калган сөздү сүйлөшөт.
Көөн тазарып турган мындай аруу чак,
көрүстөндөн башка жакты гүлдөтөт.

Дарегиңди билбейм азыр, кайгырбайм,
жарык дүйнө үйүң болсо болгону.
Сени издеп балким артка кайрылбайм,
күнөөлөргө малбаш үчүн оң колду…

Ушу колум жазган ырды, каттарды
сен окуба, баары окуп чыгышты:
Ал ‐- Кудайдын көңүлүндө жатталуу,
периштелер кийиз китеп кылышты.

Асман-жердин аркы учунан берки учун,
желмаяндай желип өтөт бул ырлар.
Кажети жок, мени аңдыган тыңчынын,
Сырымды илет бутагына кылымдар.

…Кагылайын, өмүр деген улуу экен,
жаш кайрыгың алып-учту, жандырды.
Аялзатка эркек дайым бир мекен –
кайрымы жок болсо дагы кайрымдуу.

 

* * *

…Жүрөктөргө баскан мөөрүн Кудайдын,
жүрөгүндө мөөрү барлар таба алды.
Не айтканы келдиң мага күн-айлуу,
кырк бир канат периштелүү адамым?..

Теңир үнүн периштелер, пенделер
эртели-кеч  угузушат деп билем.
Кезиккендин баары сүйүү апкелбейт,
күйбөй туруп, күйдүм деген эр түмөн.

Чабарманы экениңди Кудайдын,
сен туйбайсың, кайберениң мен туям.
Сүйүүлөрдүн болбойт баары кумарлуу,
аял сүйсө дешер аны: “Шуркуя…”

Сулуулардын чыкпайт баары текебер,
бири айыкса, бир жарааты жаңырат…
Кадырлашты таппай жүрүп бир өмүр,
аргымагы ай талаада чалынат.

Узун этек ургаачынын бардыгы
айла-амалдуу боло бербейт, билгеним.
Чынымды айтып киндиктешим ырларга,
чындыгымды чачып ийдим желге мен…

Үйлөнөрсүң аяндууга, сырдууга,
жүрөгүндө мөөрү болор бизге окшоп.
Гүл чырайлуу көңүлүн эч муз кылба,
аял тоңсо айлап-жылдап тоңот дейт.

Жаш көздөрүң мага ибадаткана,
сени сүйүп Жаратканга сыйындым.
Багы тоодой адамдар да муңканат,
шүгүргө ач, сүйүүгө ач бул кылым.

Ким жолукса жарык сенин берериң –
колдоруңа Күн отуруп, Ай бүткөн.
Кудайлык жол – чочулатып, карегим,
өң-түшүмдө аян берип, жай күткөн…

Жарык дүйнө тозбосун эч, сынбасын,
аял сүйсө ээрчийт жолун эркектин.
Касиеттүү кайберендей бир башым –
сенин кырк бир канаттууңа тең келсин.

…Аял сүйсө ээрчийт жолун эркектин…

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.