2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Баткенде 36-ирет эл аралык “Өрүкзар” фестивалы өткөрүлөт

 

“Өрүкзар”  фестивалын өткөрүүнүн ЖОБОСУ

Президентибиздин “Уңгу жол, Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясынын алкагында 18-19-20-сентябрь күндөрү “Белес” эс алуу жайында быйыл 36-ирет эл аралык “Өрүкзар фестивалы” өткөрүлөт. Бул фестивалды өткөрүү башталган алгачкы жылдары Кыргыз Республикасынын Баатыры, КР эл акыны Сооронбай Жусуев, Эмгек баатыры, эл аралык Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты Түмөнбай Байзаков, КР эл акын-жазуучулары: Сүйөркул Тургунбаев, Мелис Абакиров, Анатай Өмүрканов, Эгемберди Эрматов, Орозбай Көчкөнов, Маркабай Ааматов, Карбалас Бакировдор баштаган 10 акын-жазуучубуз ушул “Өрүкзар” фестивалыбызга ак бата ыроолошкон. Быйыл дагы “Өрүкзар” фестивалыбыз кыргыздын улуттук рухун, нарк-насилин, адабият менен маданиятын аздектеген адамдар арасында жаңы жүз, жаңы үн менен улантылмакчы.

ЖОБОНУН НЕГИЗГИ ШАРТЫ, ТАРТИБИ

Бул саамалык Алтын Бешик аймагынын бренди болгон ажайып өрүкзарларыбызды, жан дүйнөнүн тереңиндеги асыл туйгуларды, турмуштун ургалдуу күү-шаа  көрүнүштөрүн жаңы көркөм табылгалар менен даңазалоо вазийпасын ала жүргөндүгү, ар бир чыгармачыл инсанда чыныгы мекенчилдиктин рухун өстүрүп, көкөлөтүүнү көздөгөндүгү менен баалуу. Фестивалдын Жобосунда төмөнкүлөр каралган:

  1. Он беттен ашпаган ырлар, поэма үчүн “Өрүкзар – назымы” диплому, тастыктама, акчалай сыйлык.
  2. Он беттен ашпаган аңгеме, публицистика үчүн “Өрүкзар – насыры” диплому, тастыктама, акчалай сыйлык.
  3. Мыкты элет турмушун чагылдырган кыска метраждуу тасмасы үчүн “Өрүкзар – тасмасы” диплому, тастыктама, акчалай сыйлык.
  4. Эң мыкты картиналарды жараткан сүрөткер үчүн “Өрүкзар – кыл калеми”    диплому, тастыктама, акчалай сыйлык.
  5. Мыкты обон жаратуучулар үчүн “Өрүкзар – кайрыгы” диплому, тастыктама,  акчалай  сыйлык. (Акчалай сыйлык “Өрүкзар” фестивалы коомдук фондунун мүмкүнчүлүгүнө жараша белгиленет).
  6. “Өрүкзар” фестивалынын баш байгеси калыстар эң мыкты деп тапкан 1 (бир) чыгармачыл инсанга ыйгарылат. Лауреаттык төш белги, статуэтка, диплом, тастыктама, акчалай сыйлык.
  7. “Талантка таазим” девизинде кыргыз, түрк, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде  мыкты акындардын ырлары  17 жашка чейинки 7 таланттар тарабынан көркөм окуу сынагында да бааланат.
  8. Мартабалуу мааракеге коңшулаш Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан Республикаларынан, Бишкек жана Ош шаарларынан да ардактуу меймандарды (акын-жазуучулар, журналисттер, маданият кызматкерлерин ж.б.) чакыруу белгиленген.
  9. Фестивалдын фондуна түшкөн ар бир автордун эмгегине кара кылды как жарган 11 (он бир) адамдан турган калыстар тобу баа беришет. Материалдар электрондук вариантта 10-сентябрга чейин калыстарга жөнөтүлүшү  шарт.
  10. Жобонун тексти, сынактын  катышуучуларына  материалдарды жөнөтүү  дареги “Ата Журт–Лейлек” маалыматтык газетасына, “Ала-Тоо” журналына, борбордук басылмаларга, мобилдик сайттарга  жарыяланат, башкы калыстын телефон номери: +996 507-35-14-14; 0777-22-00-71 жана электрондук почтасы: akbarov.atantai@mail.ru (Сынакка катышкан авторлордун аты-жөнү жашыруун сакталып, кол жазмалар калыстарга атайын коюлган номерлер менен жөнөтүлөт).
  11. “Өрүкзар” фестивалын өткөрүүгө демилгечилер: КРнын Министрлер Кабинети, ТүркСОЙ эл аралык уюуму, Маданият, маалымат жана жаштар министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы; ошондой эле быйылкы жылы фестивалдын катышуучуларын тосуп алып, тейлөө, узатуу кызматына башкы жооптуу демилгечи болуп Сүлүктү шаарынын мериясы колдоо көрсөтүүдө. “Кызыл өрүк” коомдук бирикмеси да фестивалды өткөрүүдө биз менен бирге болмокчу.

Эскертүү: Сынакка коюлган ыр, поэма, аңгеме, публицистка, тасма, көркөм сүрөттөрдүн жана обондуу ырлардын жаңычылдыгына, актуалдуулугуна, (мурда эч бир басма сөзгө, интернет сайттарында жана социалдык желелерге жарыяланбагандыгына, сыналгы, үналгы аркылуу көрсөтүлбөгөндүгүнө, уктурулбагандыгына) артыкчылык берилет. Авторлордун жаш өзгөчөлүгү чектелбейт.

Уюштуруу тобу

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.